• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатын утуш менен баштады

Спорт 0

Бишкек, 12.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Сербиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алгачкы атаандашын жеңип алды.

Тыныбекова 62 кг салмакта кыз-келиндер күрөшү боюнча чемпионаттын 1/8 финалында болгариялык Биляна Дудова менен күрөштү. Кыл чайнашкан беттеште Тыныбекова атаандашын 3:2 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты.

Нет описания.

Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.

Күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанган.

Пикир

Оставить комментарий