• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Касымалиев менен ЕЭКтин экономика жана каржы саясаты министри Султанов актуалдуу маселелерди талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 24.07.24. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Экономика жана каржы саясаты боюнча коллегиясынын мүчөсү (министр) Бахыт Султанов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ЕАЭБ алкагындагы бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты. Өзгөчө пенсия, медициналык камсыздандыруу жана бажы төлөмдөрүн которуу маселелерине көңүл бурулду.

Адылбек Касымалиев Биримдикке мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин социалдык жактан коргоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жаатында биргелешкен иштердин маанилүүлүгүн белгиледи. “Пенсиялык камсыздоо жана медициналык камсыздандыруу жарандардын жашоо сапатына таасир этүүчү негизги аспектилер болуп саналат. Биз бул багыттар боюнча алдыңкы тажрыйбаны киргизүүгө кызыкдарбыз”, - деп белгиледи ал.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгесин активдүү жылдырууну суранды, анда кызматкердин жашаган жеринен медициналык кароодон өткөндүгүнүн жыйынтыктарын иштеген жеринде таануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө айтылат.

Өз кезегинде Бахыт Султанов Евразия экономикалык комиссиясынын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ал бул маселелерди этап-этабы менен чечүү максатка ылайыктуулугун кошумчалады.

Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө, ошондой эле Комиссиянын Коллегия мүчөсүнүн импорттук бажы алымдарынын суммаларын которуунун альтернативдүү механизмин иштеп чыгуу боюнча маалыматы угулду жана Биримдикке мүчө-мамлекеттер тарабынан сунушталган альтернативдүү механизмдин варианттары каралды.

Тараптар ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык байланыштарын чыңдоого жана жашоо деңгээлин жогорулатууга багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий