Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берди. Мамлекет башчысы башкаруу пультундагы кнопканы басып, андан кийин масштабдуу курулуштун башталышын билдирген жарылуу болду.
КМШнын эмгек сиңирген энергетиги, экономикалык илимдердин доктору, профессор Валентина Касымова Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталганына комментарий берип жатып ГЭСтин курулушу Кыргызстан үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.
“Бизде гидроэнергетика өндүрүштүн жөндөмдүүлүгү боюнча эң эле энергиянын эң эле жеткиликтүү түрү болуп саналат. Анткени бизде гидроэнергетикалы кресурстар эң эле көп. Алар 142 млрд киловат саатты түзөт. Азыр биз бул мумкүнчулүктүн 10%ын гана колдонуп жатабыз. Электр энергиясын керектөө темпинин өсүшү жаңы өндүрүлгөн кубаттуулуктун темпинен бир кыйла озуп кетти. олуттуу басып өтүүдө. Ушуга байланыштуу электр энергиясынын жана энергетика системасында резервдердин жетишсиздиги пайда болду. Бүгүнкү күндө бизде резерв жок. Ошондуктан электр энергиясы менен камсыздоодо кыйынчылыктар болууда”, - деди Касымова.
Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСин ишке берүү Токтогул ГЭС каскадынын иштөөсүнүн долбоордук режимин, башкача айтканда анын вегетативдик-энергетикалык иштөө режимин жөнгө салууга жардам берет.
“Ал кыш мезгилинде Токтогул ГЭСинде сууну топтоого жол ачат. Ал эми жаз-жай мезгилде Токтогул ГЭСиндеги сууну кое берүү менен жайкы мезгилде экспортко чыгара турган электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгууга болот”, - деди профессор.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча СССР убагында Кыргызстан жай мезгилинде коңшу өлкөлөргө 7 млрд КВ/саат электр энергиясын экспорттоп келген. Ал эми кыш мезгилинде өлкө бул электр энергиясын кайтарып алып турган.
Эксперт белгилегендей, ошол кезде кыш мезгилинде Токтогул ГЭСи 25%га гана иштечү.
Камбар-Ата-1 ГЭСин пайдаланууга берүү менен республика Токтогул ГЭСинин ошол убактагы режимин калыбына келтире алат, анын аркасында аба ырайына өтө көз каранды болгон суу сактагычты кармоодо оор абал түзүлбөйт. Бул өлкөнүн энергетикалык резервин бир кыйла көбөйтүүгө жана жалпысынан энергетикалык коопсуздукту калыбына келтирүүгө жол ачат.
Чакан ГЭСтерди куруу стратегиясына байланыштуу эксперт Касымова чакан ГЭСтерди куруу менен өлкөнүн энергетикалык коопсуздугундагы көйгөй чечилбей турганын, анткени мында өндүрүү өзүнүн баасынан бир кыйла кымбат экенин жана кыш мезгилинде алар толук кубаттуулукта иштей албай турганын белгиледи.
“Ошондуктан кыш мезгилинде бизде дайыма жетишсиздик болот. Ошондуктан Камбар-Ата-1 ГЭСи өтө зарыл. Эгер СССР кулабаганда ал 1995-жылы эле ишке киргизилмек. Анткени 1987-жылы мамлекеттик планда аталган ГЭСти куруу долбоору киргизилген. Чакан ГЭСтер менен биз энергетикалык тутумдагы көйгөйлөрдү чече албайбыз, ири ГЭСтерде электр энергиясынын баасы бир кыйла арзан”, - деп кошумчалады Касымова.
Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна республикалык бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүнөт.
КР президенти Садыр Жапаровдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизүүнүн натыйжасында өлкөнүн жылдык таза кирешеси 234 миллион доллардан ашат.
“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, “Камбарата-1” ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселелерин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты турукташтырууга салым кошот. Ошондой эле, дээрлик жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны “CASA-1000” долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө да импорттоого шарт түзөт. Тактап айтканда, “Камбар-Ата-1” ГЭСинде жылына 5,6 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир кВт/саатын “CASA-1000” долбоору аркылуу 5,15 АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз”, - деди Жапаров.
Бул масштабдуу долбоордун ишке ашырылышы өлкөнүн өнүгүүсүндө чоң роль ойноп, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө чоң салым кошоору анык.
Пикир
Оставить комментарий