• 88.68
  • 95
  • 0.95

Экс-вице-премьер Зилалиевдин декларациясы эмнеге жарыяланган жок? - Салык кызматынын жообу

Коом 0

Бишкек, 17.12.18. /Кабар/. Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев салык декларациясын жеке жак катары тапшырган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов кабарлады.

Анын айтуусунда, Зилалиев салык декларациясын №100 формасы боюнча мамлекеттик кызматкер эмес, жеке жак катары тапшырган. “Ал эми Салык кызматы жеке жактардын декларациялары тууралуу маалыматтарды жарыялаганга укугу жок”, - деп билдирди Асылкулов.

Эскерте кетсек, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлагандай, 2018-жылдын 7-декабрында буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде З.Д. аттуу жарандын мүлкүнө тергөө жүргүзүлгөн.

Белгилүү болгондой, 2011-жылдан 2017-жылга чейин Зилалиев мамлекеттик структураларда ар кандай кызматтарды ээлеп келген, анын ичинде КРнын мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун жана Жер казынасын пайдалануу жана геология мамлекеттик агенттигинин төрагасы.

2011-жылдан 2016-жылга чейин Зилалиев расмий түрдө кирешелери жана чыгымдары тууралуу декларация тапшырып, баардыгы болуп анын кирешеси 2 млн .541 миң 527 сомду түзгөн. Ал эми анын жубайыныкы 408 миң сомду түзгөн.

Бирок жүргүзүлгөн тергөөлөрдүн жыйынтыгында Зилалиев кайдан келип чыкканы белгисиз ири суммадагы активдерге жана мүлккө ээ экендиги аныкталган. Ал мүлк Зилалиевдин расмий кирешесинен көп.

Ошондой эле, анын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп, банктардын биринде декларацияда көрсөтүлбөгөн 889 миң 900 доллар суммадагы акча каражаты болгон.

Андан тышкары декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү (батирлери, үйлөрү, жерлери, кеңселери) болгон, бирок алар туугандарынын жана жакындарынын аттарына жазылган.

Пикир

Оставить комментарий