“Катар Чэрити” кайрымдуулук уюму Баткенде социалдык шаарча курууга даяр

Коом 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Катар Чэрити” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстандагы аймактык директору Абдуль Нассер Ибрахим Аль-Фахруну кабыл алды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар уюмдун Кыргызстанда жасап жаткан ишмердүүлүгүнө токтолушуп, министр Кулубаев “Катар Чэрити” кайрымдуулук уюмунун Кыргызстанда жасап жаткан жемиштүү ишине ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар мындан тышкары Тажикстандын куралдуу кол салуусунун натыйжасында жабыр тарткан Баткен облусундагы социалдык долбоорлорду калыбына келтирүү маселелерин талкуулашып, министр Кулубаев Баткен облусунда медициналык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууну суранды.

Өз кезегинде Аль-Фахру эки тараптын ортосунда түзүлгөн кызматташтык ийгиликтүү жүрүп жатканын баса белгилеп, уюм тарабынан жыл башынан бери ар түрдүү тармакта 85 социалдык долбоор ишке ашырылгандыгын, ошондой эле Баткен облусундагы 800 үй-бүлөгө азык-түлүк баштыкчасы жана 1000 балага кышкы кийим таратылгандыгын белгилеп, алдыда дагы 3000 азык түлүк баштыкчасын таратуу пландалып жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары, Баткендин жабыр тарткан эли үчүн үй, мектеп, оорукана жана башка имараттардан турган социалдык шаарча курууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле жакынкы мезгилде Кыргызстанга бөлүнө турган жардамдын көлөмүн көбөйтүүгө жана аткарылып жаткан иштерди жаңы түрдүү долбоорлор менен толуктоого, анын ичинде балдар үчүн компьютердик IT борборлорун курууга басым жасала тургандыгын маалымдады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Кулубаев Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюмга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө дайым даярдыгын билдирип, тараптар мындан ары Кыргызстан эли үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырууда ар тараптуу жаңы креативдүү долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий