• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

"Катар ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында "Кыргызстан" павильону ачылды

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кечээ, 26-ноябрда Катардын Доха шаарында "Катар ЭКСПО-2023" көргөзмөсүнүн алкагында "Кыргызстан" павильонунун ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, павильондун ачылышына айыл чарба министринин орун басары Айнура Туйбаева катышты.

"Айыл чарба министрлиги улуттук көргөзмө оператору болуп саналат. Көргөзмөгө Кыргызстандан 20дан ашык компания катышууда. Павильонунун сыртын жасалгалоо үчүн Айыл чарба министрлигине караштуу Токой кызматы тарабынан 40 даана 1,2 тонна салмактагы көчөттөр бөлүнүп берилген", - деп айтылат маалыматта

Ошондой эле иш-чараны уюштурууга Кыргызстандын элчилиги жана КП президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги колдоо көрсөткөн.

Белгиленгендей, иш-чара өлкөнүн инвестициялык, айыл чарба, экономикалык, туристтик, климаттык маселелерин илгерилетүү үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат.

Маалымат үчүн: Expo 2023 Катарда, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада биринчи Бүткүл дүйнөлүк багбанчылык көргөзмөсү болмокчу.

Иш-чаранын негизги урааны - "Жашыл чөл, жакшы чөйрө". Дохадагы Аль Бидда паркы 2023-жылдын 2-октябрынан 2024-жылдын 28-мартына чейин алты айга EXPO-2023 көргөзмөсүн өткөрүүгө тандалган.

Пикир

Оставить комментарий