• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги №94 кесиптик лицейинде IT тармагы боюнча окуу борбору ачылды

Билим 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Бишкектеги №94 кесиптик лицейинде эки компьютердик кабинеттен турган IT тармагы боюнча окуу борбору жана заманбап турмуш-тиричилик техникалары менен жабдылган “Акылдуу үй” окуу борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Окуу борборлору Kорей эл аралык кызматташтык агенттиги (KOIСА) менен кызматташуунун алкагында жабдылган.

Иш-чарага KOIСAнын, Билим берүү жана илим министрлигинин, Республикалык илимий-усулдук борбордун өкүлдөрү, айрым өнөктөштөр жана кесиптик лицейлердин директорлору катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Kорей эл аралык кызматташтык агенттигинин ыктыярчылык программасы боюнча жүргүзүлүп жаткан эки тараптуу иштер тааныштырылды.

Кореялык ыктыярчылардын бири “Акылдуу үй” окуу борборундагы заманбап тиричилик техникаларын демонстрациялап көрсөтүп, турмуш-тиричилик техникаларын оңдоо боюнча слесарь-электриктер тайпасынын окуучулары менен бирдикте жасаган иштери менен тааныштырды.

Ошондой эле лицейдин бычмачы-тикмечи жана чач-тарач бөлүмдөрүндө окуган окуучулардын өз колдору менен даярдалган кийим жана чач жасалгалар көргөзмөсү болду.

Пикир

Оставить комментарий