Дарыгерлер Баткен облусунун алыскы 8 айылынын жашоочуларын акысыз текшерди

Ден соолук 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Дарыгерлер Баткен облусунун алыскы 8 айылынын жашоочуларын акысыз текшерди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, октябрь айында «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» КБ Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан 8 айылына мультидисциплинардык мобилдик клиникалардын барууларын уюштурган.

Тактап айтканда, 3-октябрдан 21-октябрга чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистерден турган дарыгерлердин командасы Лейлек районунун Интернационал, Кулунду, Ак-Суу, Катран айылдарында жана Баткен районунун Ак-Татыр, Кок-Таш, Боз-Адыр, Ак-Турпак айылдарында аялдарды жана өспүрүм кыздарды акысыз текшерип жана кеңеш беришкен.

16 күндүн ичинде дарыгерлердин мультидисциплинардык командасы репродуктивдик курактагы 2086 аялды, өспүрүм кыздарды жана улгайгандарды текшерүүдөн өткөрүшүп, кеңеш беришти, ошондой эле муктаж болгондорду психологдорго консультация алуу үчүн жөнөтүштү.

Белгилей кетсек, иш-чара «Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» КБ жана Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Улуу Британиянын өкмөтүнүн жана БУУнун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу фондунун каржылык колдоосу астында “Баткендик аялдарды жана кыздарды комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында калкка энелик жана репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий