• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Катар фонду Кыргызстандын мектептерине парта жана отургучтарды тапшырды

Коом 0

Бишкек, 18.12.24. /Кабар/. Күн мурун Катар фонду Кыргызстандын мектептери үчүн 500 даана мектеп партасын жана 500 даана отургуч тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде Катар кайрымдуулук уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу болду. Анда Догдуркүл Кендирбаева министрлик Катар кайрымдуулук уюму менен кызматташтыгын мындан да бекемдээрин жана уюм тарабынан берилген жардамдар жогору бааланарын белгиледи.

“Колдоого муктаж, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көңүл буруу керек. Өлкө боюнча отуздан ашык окуу жайы бар. Алардын жатаканаларын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, балдардын кесип алып чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү керек”, – деди министр.

Катар кайрымдуулук уюмунун директору Абдулькадыр Имам Аль Башейр маселелердин баарын чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айтып, министрлик алдыдагы реформаларды ийгиликтүү ишке ашырарына ишенерин билдирди.

Белгилей кетсек, жолугушууда аталган уюм тарабынан 2025-жылы төрт мектептин курулуш иштери башталары маалым болду.

Пикир

Оставить комментарий