Катар Кыргызстан менен өз ара пайдалуу жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даяр

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиршти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тоо-кен тармагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаратылышты коргоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Министр Тургунбаев Кыргызстан Катар менен өз ара аракеттенүүнү ар тараптан өнүктүрүүгө чоң маани берип жатканын белгиледи.

“Биздин мамлекеттер ортосунда эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Биз тоо-кен тармагындагы потенциалды эске алуу менен бул багыттагы айрым долбоорлорду ишке ашыруу жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар", - деди ал.

Өз кезегинде Абдулла бин Ахмед Аль-Сулаити өз ара пайдалуу жаңы долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди, ошондой эле өз өлкөсүнүн Кыргызстанга мындан ары колдоо көрсөтүүнү жактай турганын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий