• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынына катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Минск шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.

Парламенттин басма өз кызматынан билдиришкендей, жыйында сөз сүйлөгөн төрага Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу милдети Беларуска өткөнүн эске салып, Кыргызстан алдыдагы иш-пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады.

Муну менен катар өткөн жылы уюмдун алкагындагы Парламенттик ассамблеянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгонун белгилеп, жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.

Андан тышкары, Кыргызстан ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан Нурланбек Шакиев: “Заманбап чакырыктар жана коркунучтар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, аларды чечүү үчүн компромисстик ыкмаларды издөө, ошондой эле көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз”, – деди.

Ошондой эле жыйында Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, тиешелүү моделдик мыйзамдардын долбоору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий