• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Садыр Жапаров Кытайдын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Сиань шаарында Кытай Эл Республикасына (КЭР) болгон мамлекеттик сапарынын алкагындагы КЭР бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушууда аларга Кыргызстандагы артыкчылык берилген долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуш кылды.

Мамлекет башчысы кытайлык ишкерлерге Кыргызстандын инвестициялык дарамети чоң экенин, мамлекет тарабынан инвесторлорго керектүү шарттар түзүлүп, корголуп жатканын айтып берди.

“Биз өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар болгон алдыңкы бизнес өкүлдөрү менен түз диалог жүргүзүүгө ар дайым кубанычтабыз. Бүгүнкү күндө кыргыз-кытай мамилелери ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы сапаттык жана мазмундуу деңгээлине көтөрүлгөнүн кубануу менен билдирем. Биз «Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин түзүү боюнча биргелешкен декларациясына» кол койдук. Сапардын жемиштүүлүгү менен натыйжалуулугун кол коюлган документтердин тизмеси тастыктайт. Жогоруда айтылган Биргелешкен декларация менен бирге ар кандай деңгээлдеги жыйырмага жакын макулдашууларга, меморандумдарга жана протоколдорго кол коюлду. Бул документтер эки тараптуу мамилелердин дээрлик бардык тармактарын, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкка тийиштүү”, - деп айтты президент.

Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен болуп өткөн жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкуулангандыгына токтолду. Соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалды. Бардык маселелер боюнча консенсуска жетишилди.

Кытай тарап Кыргызстанда инфратүзүмдүк, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. Ошентип, Кыргызстан менен Кытайдын жогорку саясий жетекчилиги тарабынан саясий колдоо камсыздалды деп эсептесе болот.

Ал Кыргызстандын эки тараптын кызыкчылыгындагы транспорт, коммуникация, энергетика, курулуш, айыл чарбасы, туризм жана башка тармактарда кызматташууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясы (ККӨК), ошондой эле ККӨК алдындагы «Кыргызстан- КЭР СУАР» координациялык тобу ойнойт. 2022-жылы бул коммиссиялардын жыйындары өткөрүлүп, жыйынтыгында бир катар документтер, анын ичинде, 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтыкты орто жана узак мөөнөттүү өнүктүрүү программасы кабыл алынган.

Президент аталган программанын негизги максаттарын: соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, өз ара соода жүгүртүүнү арттырууга көмөктөшүү, сооданы либералдаштыруу, капиталдын эркин кыймылын камсыз кылуу, инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, бажы, маалыматтык-коммуникациялык, транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдүн өз ара байланыштарын, өнөр жай кооперациясы менен өндүрүш чынжырчаларын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча демилгелерди, атап айтканда, «Бир алкак – бир жол» биргелешкен курулушту алга жылдыруу жана колдоону белгиледи.

Чет элдик инвестиция чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, аларды коргоо жана кепилдик берүү маселелери тууралуу кеп кылган Садыр Жапаров Кыргызстанда КМШ мейкиндиги үчүн эң либералдуу, жеңилдетилген инвестициялык саясат жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Кыргызстан чет элдик ишканалардын, инвесторлордун жана ишкерлердин бизнес жүргүзүүсү, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруусу үчүн жагымдуу инвестициялык климат жана бизнес-чөйрөсүн түзүүгө бардык күч-аракетин жумшоодо.

Ал чет элдик инвестициялар тууралуу мыйзамдар, биринчи кезекте, инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарга дал келерин баса белгиледи. Кыргызстандын аймагында инвестициялар өлкөнүн "Инвестициялар жөнүндө" мыйзамына ылайык, укуктук жактан толук кандуу коргоого алынат.

Мындан сырткары, президент кытай ишкерлерине Кыргызстанда инвестициялык виза киргизилгенин, инвестициялык категориядагы визалардын мөөнөтү - өлкө экономикасына 10 миллион сом салым кошо турган болсо - 5 жылга чейин, өлкө экономикасы 20 млн. сом салым кошо турган болсо - 10 жылга чейин экенин айтып берди.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров азыркы учурда эки өлкө ортосунда экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Эки өлкө ортосунда Инвестицияларга өз ара дем берүү жана коргоо боюнча эки тараптуу макулдашуу бар. Бул макулдашууда кытай компанияларынын Кыргызстанга инвестиция салуусуна жагымдуу шарттар каралган. Учурдагы Кош салык салуудан четтөө тууралуу аракеттеги макулдашууда бир гана жолку салык салынары каралган жана ал кытайлык компанияларга Кыргызстанга инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде кыргыз тарап кытайлык компаниялардын Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө катышуусун кубаттайт жана чакырат”, - деп билдирген президент, Кыргызстанда энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилерин, өлкө гидроэнергетикалык ресурстарга бай экенин кошумчалады.

Мамлекет башчысы жалпы эле чет элдик, анын ичинде кытайлык өнөктөштөрдү ГЭСтерди куруу боюнча бир катар ири долбоорлордц ишке ашырууга катышууга чакырды. Кызыкчылык жарала турган болсо, кыргыз тарап Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда кызматташуу боюнча сунуштарды, механизмдерди кароого даяр.

Садыр Жапаров Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө инвесторлорду тартуу боюнча мыйзамдык базаны өркүндөтүү процесси тынымсыз жүрүп жатканына өзгөчө басым жасады.

Ал 2022-жылы иштелип чыгып, кабыл алынган «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» мыйзам тууралуу маалымат берди. Бул мыйзам 15 жылдык мөөнөткө электр энергиясын сатып алууга кепилдик берет; Энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөр тармактарына дискриминациясыз кирүү; ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүчүлөр үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер; чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар үчүн бирдей иштөө шарттары; мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында кеңири кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Ошондой эле ЭКБынын жабдууларын импорттоодо инвесторлор үчүн салыктык жеңилдиктер да каралган.

Садыр Жапаров белгилегендей, Кыргызстандын мамлекеттик электр тармактары модернизациялоону жана инвестициялоону талап кылууда. Анткени алар совет мезгилдеги инфратүзүмдө курулган. Учурда өлкөдө көмөкчордондорду, электр зымдарын жана башкаларды жаңылоо боюнча долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул багытта кытайлык компаниялар бөлүштүрүүчү тармактарды жаңылоо, көмөкчордондорду алмаштыруу жана башка долбоорлорго катышууга чакырылууда.

«Биз “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна кытайлык компаниялардын кызыгуусу артып жатканын билебиз. Бул долбоор аймактык маанилүү долбоор болуп саналат. Жаңы темир жол каттамы Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк тармагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия рынокторуна жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө жол ачат.

Бул каттам Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Европа Биримдигине жүктөрдү жеткирүүнү камсыздай алат. Долбоор жүктөрдү жеткирүүнүн аралыгы менен убактысын кыскартуу аркылуу эл аралык транзиттик жүк ташуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатат. Бул долбоорду ишке ашыруу региондогу өлкөлөр үчүн жалпысынан оң социалдык-экономикалык натыйжа берет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Президент Садыр Жапаров.

Жолугушуунун жүрүшүндө КЭР бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө кызыгышты.

Алар Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.

Президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууга Кытайдын жол жана көпүрө куруу, темир жол, энергетика, транспорт, коммуникация, маалымат технологиялары, билим берүү, туризм жана башка чөйрөлөрдөгү ири компанияларынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий