• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Катар жана Кыргызстан беттеши: Бишкекте фан-зона уюштурулат

Спорт 0

Бишкек, 10.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Бүгүн 10-октябрда Бишкектеги Т.Усубалиев атындагы эски аянтта футбол күйөрмандары үчүн Катар жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин көрүүгө фан-зона уюштурулат.

Кыргыз футболунун союзунан билдиришкендей, кыргыз курамасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын улантат. Бул фан-зона биздин улуттук курама командабызды биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Иш-чара улуттук эстрада жылдыздарынын катышуусунда өтүп, Мирбек Атабеков жана JAX талантын тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий