• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Катарда Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчилигинде 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Катардагы элчи Марат Нуралиев куттуктоо сөз сүйлөп, анда Кыргызстан Эгемендүүлүккө жетүү үчүн калыптануунун жана өнүгүүнүн татаал жолун басып өткөндүгүн белгиледи. Элчи мекендештерди Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, Кыргызстандын мындан аркы өнүгүшүнө салым кошууга чакырды.

Ошондой эле келген конокторго Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 33 жыл аралыгындагы ийгиликтери жана жетишкендиктери белгиленип, Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы тууралуу маалымат берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз диаспорасы үчүн майрамдык программа уюштурулуп, консулдук маселелер боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий