• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

"Катыш! Танда! Шайла!" Жаштарды шайлоого активдүү катышууга үндөгөн долбоор старт алды

Коом 0


Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого карата "Катыш! Танда! Шайла!" долбоору расмий түрдө старт алды. Өнөктүк "Кыргызстан жаштар кыймылы" тарабынан ишке ашырылат. Бул тууралуу аталган жаштар кыймылынын төрагасы Жакшылык Бекназаров билдирди. Долбоордун максаты жаштарды кайдыгер карабастан шайлоого активдүү катышууга үндөө саналат.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 млн 700 миңден ашык жараны жаш шайлоочу. Коомубуздун бул эбегейсиз бөлүгү өлкөнүн өнүгүшү жана прогресси үчүн укмуштуудай дараметке ээ. Элестетиңиз шайлоочулардын дээрлик жарымына жакыны жаштар. Бирок, 250 миңдей гана жаштар шайлоодо добушун берет. Бул олуттуу статистика жаштар арасындагы жарандык активдүүлүк өтө төмөн экенин көрсөтүп турат” – деди Жакшылык Бекназаров.

Атай кетсек, президент Садыр Жапаров жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жаңы шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Буга байланыштуу Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын жергиликтүү кеңештери таркатылып, кайра шайлоо өтөт. Жарлыкка ылайык, шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий