• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Кечээ, 3-ноябрь күнү КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Абдалла бин Заед Аль Нахайян менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Сүйлөшүү учурунда Казакбаев кесиптешине Кыргызстанда саясий кырдаал турукташканы, өкмөт куралып, президенттин милдеттерин убактылуу өкмөт башчы аткарып жатканы тууралуу айтып берген.

Аны менен бирге сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык, саясий диалогду активдештирүү, өз ара расмий сапарларды уюштуруу маселелери талкууланган.

Казакбаев Бириккен Араб Эмираттарына COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык айтып, БАЭ өкмөтүнүн Кыргызстан менен гуманитардык кызматташтыкты улантуу ниетин кубаттарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий