• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КР жана РФ президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду

Саясат 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда, Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кыргыз-россиялык биргелешкен кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Ошондо, төмөнкү документтерге кол коюлду:

- Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы Россиянын биринчи президенти Б.Ельцин атындагы КРСУнун иштөө шарттары жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин ортосундагы 2023-2024-жылдарга кызматташтык программасы;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстар министрлигинин ортосундагы токой чарбасын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлиги менен Россия Федерациясынын жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети ортосундагы ниет протоколу;

- Россия Федерациясынын өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети ортосунда биологиялык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Пикир

Оставить комментарий