• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Жапаров жана Оверчук эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 08.10.22./Кабар/. Ош шаарында кыргыз-орус инвестициялык форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле евразиялык интеграциянын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселесин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык чөйрөдөгү маселелерге, атап айтканда, Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө, Кыргызстандын аймагында 9 мектептин курулушуна, Россиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттерди федералдык бюджеттин эсебинен окутуу квотасын 600 орунга чейин жогорулатуу маселелерине бурулду.

Пикир

Оставить комментарий