• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Португалиянын ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кечээ, 2-декабрда Стокгольм шаарында ЕККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Португалия Республикасынын тышкы иштер министри Аугусто Сантош Силва менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Тараптар 2022-жылы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен иш-чаралар планын, ошондой эле аларды мындан ары активдештирүү боюнча жол картасын талкуулашты.

Министр Казакбаев ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, ушуга байланыштуу эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорунун топтомун аларга кол коюу сунушу менен тапшырды.

Тараптар ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Португал тарап Кыргызстандын «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Биринчи экономикалык форумун өткөрүү демилгесин оң баалады. Бул контекстте министр Силва кыргыз тараптын жакын арада биргелешкен бизнес-форум уюштуруу сунушун колдоп, ошондой эле тараптарга суу ресурстарын пайдалануу жаатында кызматташууну сунуштады. Ушуга байланыштуу Лиссабондо өтө турган Бириккен Улуттар Уюмунун океан боюнча конференциясы белгиленди.

Ошондой эле министр Силва Кыргызстанга сапары менен келип кетүү чакыруусун кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий