Казакбаев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 31.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркиянын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Бинали Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун алкагында тараптардын өз ара аракеттенүү маселелери, Кыргызстанда боло турган мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин, ошондой эле эки тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү жана стратегиялык кызматташтык маселелерин, анын ичинде быйылкы эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий