Кыргызстанга дем алуу органдарынын ооруларын дарылоочу виброакустикалык аппарат берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 28.06.24. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигине дем алуу органдарынын ооруларын дарылоочу виброакустикалык аппарат берилди. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Жаңы инновациялык виброакустикалык аппарат Борбор Азиядагы саламаттык сактоого инвестиция боюнча эл аралык форумга катышуунун алкагында Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан кайтарымсыз негизде берилди.

43 000 долларлык BARK VibroLUNG аппараты дем алуу органдарынын ооруларын дарылоону жакшыртууга багытталган алдыңкы медициналык технология болуп саналат. Ал калкып жүрүүчү жыштыгы (20-300 Гц) бар үн толкундарын колдонуу менен вибрациялык жана перкуссиялык көкүрөк массажынын салттуу ыкмаларын алмаштырат. Бул өпкөнү желдетүүнү жана дренажын жакшыртууга, дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет.

Аппарат Академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун интенсивдүү пульмонология блогу (ИПБ) бар пульмонология жана аллергология бөлүмүнө орнотулат. Ал өпкөнүн обструктивдүү жана рестриктивдүү ооруларын, анын ичинде көкүрөк физиотерапиясын жана дем алуу жетишсиздигин дарылоодо колдонууга арналган.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине баалуу белек үчүн ыраазычылык билдирет. Бул аппараттын жардамы менен өлкөдө респиратордук ооруларды дарылоо бир топ жакшырып, бейтаптарга натыйжалуу медициналык жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ишенет.

Пикир

Оставить комментарий