• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Саламаттык сактоо министрлиги ДССУ менен 7 жылдык кызматташуу келишимине кол койду

Ден соолук 0

Бишкек, 15.11.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 2024-2030-жылдарга 7 жылдык Өлкөлүк кызматташуу стратегиясына кол коюшту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге жана уюмдун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө жаңы стратегиянын артыкчылыктары, саламаттык сактоо тармагындагы Кыргызстандын акыркы жетишкендиктери жана ДССУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдар талкууланды. Жаңы стратегия үч стратегиялык багытты жана жети артыкчылыктуу тармакты өзүнө камтыйт.

Стратегияда жүрөк-кан тамыр оорулары, психикалык ден соолук, өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтаруу, микробго каршы препараттарга туруктуулук, айлана-чөйрөнүн гигиенасы жана химиялык коопсуздук, айыл жергесине кадрдык ресурстарды тартуу, маалыматтарды санариптештирүү боюнча маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.

Ошондой эле Стратегия ВИЧ/СПИД жана кургак учук, иммунизация, эненин, жаңы төрөлгөн ымыркайдын жана баланын ден соолугу сыяктуу багыттар боюнча баштапкы медициналык-санитардык жардамды чыңдоо жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча багыттарга басым жасайт.

Бул Стратегия 2030-жылга чейинки саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн «Дени сак адам – өнүккөн өлкө» улуттук программасы менен шайкеш келтирилет.

"!Бүгүн биз кол коюп жаткан Өлкө менен кызматташуу стратегиясы чындыгында инновациялык. Бул кийинки 7 жылдын ичинде биздин Кыргызстандагы ден соолукту коргоо жана бакубаттуулук боюнча ишибизди бекемдеп гана тим болбостон, өлкөнүн чек арадан тышкары демилгелерди, анын ичинде Саламаттыкты сактоого багытталган тоо программасын, Балдардын рак оорусуна каршы глобалдык демилгени, 2022-2025-жж. карата Борбордук Азиядагы ден соолук жана бакубатчылык боюнча Жол картасынын алкагындагы субрегионалдык дипломатияны илгерилетүүдөгү ролун көрсөтөт!, - деп билдирди ДССУнун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге.

Өз кезегинде министр Бейшеналиев стратегияга кол коюу менен белгиленген кызматташуунун жаңы этабы Кыргызстандын саламаттык сактоо системасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын белгилеп, өлкөнүн жарандарына медициналык тейлөөнүн тийиштүү сапатын камсыз кылууга мүмкүндүк берерине ишеним артты.

Пикир

Оставить комментарий