• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстан элчилигинин алдындагы чек ара маселеси боюнча митинг тынч өттү - милиция

Коом 0

Бишкек, 26.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Казакстан элчилигинин алдындагы кыргыз-казак чек ара маселеси боюнча митинг тынч өттү. “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИББ басма сөз кызматы билдиргендей, митингдин катышуучулары мэрияны каршылык акциясын өткөрүү тууралуу алдын ала кабардар кылышкан.

“Жалпысынан 15 адам чогулду. Алар Казакстандын элчилигинин имаратына келишти. Аларга дипломатиялык ведомствонун өкүлү чыкты. Алар сүйлөшкөн соң, адамдар тарап кетишти. Кандайдыр бир бузуулар болгон жок”, - дешти милициядан.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 10-октябрында Казакстан кыргыз-казак жана казак-россия чек араларында кыргызстандыктарга жана Кыргызстандын жүктөрүнө күчөтүлгөн текшерүү режимин киргизген. Кийин 18-октябрда Астанада эки өлкөнүн өкмөт башчылары Сапар Исаков менен Бакытжан Сагинтаев жолугушуп, адамдар, жүргүнчүлүк унаалар жана бош жүк унаалары үчүн артыкчылыктуу өткөрүү тартибин камсыздоо тууралуу макулдашылган.

Бүгүнкү күнү жүк жүктөлгөн унаалардын көйгөйү чечилбей турат. Аларды чек арадан өтө жай өткөрүшүп же таптакыр эле өткөрбөй коюшууда. Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстан жана Казакстан өткөрмө пункттарында жүк унааларынын бир нече чакырымга созулган тыгыны пайда болду.

2017-жылдын 25-октябрындагы Еревандагы ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинде Казакстан Кыргызстанды чек арадагы бажы көзөмөлүнүн начардыгынан Кытайдан аткезчилик товарларды ташууга жол берилип жатканына айыптады. Чек арадагы кырдаалды дал ушул менен түшүндүрүштү. Кыргыз тарап Казакстан өкмөт башчысынын билдирүүсүнө жооп катары такталбаган товарлар көйгөйү бардык ЕАЭБ өлкөлөрүндө бар экенин маалымдады. Ал эми Казакстанда аткезчиликтин көрсөткүчү Кыргызстандыкы менен бирдей.

Жыйынтыгында, тараптар ЕАЭБ жыйынында чек ара маселесин жөнгө сала алышкан жок. Кыргызстан өкмөтүнүн билдирүүсүндө сүйлөшүүлөр уланууда.

Пикир

Оставить комментарий