• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Казакстан Ирандын аймагында турган кыргызстандык жүк ташуучуларды өткөрө баштады – ТИМ

Коом 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Казакстан Ирандын аймагында турган кыргызстандык жүк ташуучуларды өткөрө баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, бүгүн, 20-мартта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы жетишилген макулдашуулардын алкагында Казакстан Ирандан Кыргызстанга Азербайжан, Россия жана Казакстан аркылуу келе жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрө баштады. “Учурда казак-орус чек арасындагы “Котяевка-Курмангазы” көзөмөл-өткөрмө бекетинен Казакстанга 25 жүк ташуучу унаа өттү. Унаалар кайгуул полициясынын коштоосунда Кыргызстанга келе жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги белгилегендей, Ирандан келе жаткан жүк ташуучу унааларга шартты Казакстан тарап түзүп берүүдө жана мындай иш-аракет бир жолку эле.

Пикир

Оставить комментарий