• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын жана Россиянын жаратылыш министрлери кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 07.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-мартта Кыргызстандын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова Россиянын жаратылыш ресурстары жана экология министри Александр Козлов менен жолугушту.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, жолугушуу Москва шаарында өткөн "Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу" аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумунунун алкагында болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаратылышты пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, геология жана жер казынасын пайдалануу, анын ичинде жаратылыш ресурстарына жана жаратылышты коргоо иштерине эл аралык мамиле жаатында тажрыйба алмашуу жана топтоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Россиянын эл аралык келишимдерге катышуусунан жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык уюмдарга мүчөлүктөн келип чыккан актуалдуу маселелер жана милдеттер боюнча консультацияларды улантууга макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий