Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Бүгүн Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Кыргызстандагы расмий иш сапарынын алкагында улуу калемгер Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барды.
Жогорку Кеңештен билдиришкендей, ардактуу конокторду жазуучунун уулу Эльдар Айтматов тосуп алып, үй-музейи менен тааныштырды. Тагыраагы, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу жана чыгармачылыгы боюнча сүрөттөр, колдонгон буюмдары, алган сыйлыктары жана белектери көрсөтүлүп, кеңири маалымат берилди. Казакстан Парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Ардактуу коноктор китебине каалоо-тилектерин жазып калтырды.
Белгилей кетсек, ардактуу конокторду Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев коштоп барды.
Пикир
Оставить комментарий