• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Казакстан Республикасынын маданият күндөрү "Абай" операсы менен расмий жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 09.10.21. /Кабар/. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Казакстандын маданият күндөрү "Абай" операсы менен расмий жыйынтыкталды. Бул Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Маданият министри Кайрат Иманалиев, Казакстандын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, коомдук- маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

"Абай" операсынын жүрүшү көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынып, жогорку деңгээлде иштелип чыккандыгына күбө болушту.

Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театры - Казакстандын алдыңкы театры болуп саналат. Театрда жогорку профессионал чыгармачыл жамааттар жана солисттер эмгектенет жана алардын аткаруусундагы улуттук жана дүйнөлүк опера жана балет классиктеринин бардык доорлорунун жана жанрларынын театралдык репертуарынан турат.

Бүгүнкү көрсөтүлгөн "Абай" операнын премьерасы 1944 -жылы 24 -декабрда Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын сахнасында болгон.

Кыргызстанда көрсөтүлгөн операнын каармандары болуп:

Абайдын ролунда - Талгат Кузембаев, Казакстантын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери ал эми Ажардын ролун Зарина Алтынбаева аткарды.

Операны Абай атындагы Казак Улуттук опера жана балет театрынын симфониялык оркестри коштоп, дирижёрлук пультта Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Ерболат Ахмедьяров болду.

Пикир

Оставить комментарий