• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Музей адистеринин улуттук семинары онлайн режиминде өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-декабрында музейдин адистери үчүн "Музейдин аудиториясы менен иштөөдөгү жаңы формалар жана баяндар" аттуу улуттук семинар онлайн режиминде өтүп жатат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маданият министри Нуржигит Кадырбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, семинардын катышуучуларына ийгилик жана жемиштүү иш каалады.

Семинардын максаты - Кыргызстандагы музейлердин аудиториясын кеңейтүү боюнча жаңы демилгелерге дем берүү жана учурдагы жергиликтүү жана эл аралык тажрыйбаларды карап чыгууга багытталган.

Семинарды Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Борбордук Азия университетинин өнүктүрүү Жогорку мектебинин Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү уюштурууда.

Белгилей кетсек, семинардын программасында этникалык изилдөөлөрдү жеке жана үй-бүлөлүк шарттарды эске алуу менен актуалдаштыруу маселелери, музейдин көрүүчүлөрү менен иштөөдөгү чыгармачыл мамилелердин дүйнөлүк жана жергиликтүү тажрыйбасы, музей иш-чараларын жана баяндамаларын аудиториясын кеңейтүү үчүн жаңы формалар жана Covid-19 пандемиясынын шартында музейге келгендер үчүн онлайн иш-чараларды уюштуруу талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий