• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Байге фонду 225 миң сом. Республикалык “Жаңы муун” сынагы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында жаш аткаруучулардын биринчи Республикалык "Жаңы муун" сынагы өтүп атат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынактын ачылышы 4-июнь күнү маданият министри Кайрат Иманалиевдин катышуусу менен өткөн. Программага ылайык, сынак 9–июнга чейин улантылып, жаш аткаруучулар менен калыстар тобунун мүчөлөрү чыгармачыл жолугушуулары уюштурулат.

"Жаңы муун" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана атайын концерттик программа 9-июнь, саат 17:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында өтөт.

Эске салсак, сынакка 14 жаштан 25 жашка чейинки жаш пианисттер катышууда. Байге фонду 225 миң сом жана эки “Yamaha Clavinova” санарип үлгүсүндөгү пианино тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий