• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

“Шумкар” атайын багыттагы полкуна жаңы кабыл алынган кызматкерлер ант берди

Коом 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин "Шумкар" атайын багыттагы полкуна кызматка жаңы кабыл алынган 5 кызматкер ант берди. Бул тууралу “Шумкар” атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эгемендүү кыргыз элин коргоого берилип кызмат өтөөгө бүгүн ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкуна кызматка жаңы кабыл алынган 5 кызматкери салтанаттуу түрдө ант беришти.

Ант – бул сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. Кыргыз Республикасынын Күч түзүмдөрүнүн катарына кызмат өтөөгө кирип жатып, ар бир жаран мекенге, элге берилгендигин, мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, мекени үчүн каны-жанын аябоого салтанаттуу түрдө ант беришет.

Пикир

Оставить комментарий