• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Казакстанда 600гө жакын кенчинин иш таштоо акциясы уланууда

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.12.17./Кабар/. Казакстандын «АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын 600гө жакын жумушчусу дале жер алдындагы нааразылык акциясын улантууда. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Тамара Дүйсенова билдирди.

11-декабрда ишкананын ондогон жумушчусу айлыктарды көтөрүү жана жумуш шарттарын жакшыртууну талап кылып, кенден сыртка чыгуудан баш тартышкан. Кийинчерээк иш таштоого кеминде төрт шахтанын жумушчулары да катышып жатканы кабарланган.

Министр Дүйсенова учурда акциянын катышуучулары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди. Айтымында, анын жыйынтыктары кийинчерээк жарыяланат.

Буга чейин кенчилер акция өткөрүп жаткан шахтага ээлик кылган металлургия ишканасы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү дагы жумушчулары менен сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдиришкен.

Пикир

Оставить комментарий