Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 1 миң 311 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.
Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 112, Алматы шаарында – 382, Шымкент шаарында – 7, Акмоло облусунда – 108, Актөбе облусунда - 22, Алматы облусунда - 70, Атырау облусунда - 17, Чыгыш-Казакстан облусунда – 36, Жамбыл облусунда – 13, Батыш-Казакстан облусунда – 36, Караганда облусунда – 74, Костанай облусунда - 115, Кызылорда облусунда – 12, Мангистау облусунда – 5, Павлодар облусунда - 157, Түндүк-Казакстан облусунда – 143, Түркстан облусунда – 2 адамдан COVID-19 табылган.
Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 291 миң 220 адам коронавирус жуктурган.
Пикир
Оставить комментарий