• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

COVID-19: Түндүк Казакстанда 9-ноябрдан тартып блокпосттор коюла баштайт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Түндүк Казакстан облусунун административдик борбору Петропавловск шаарында 9-ноябрдан тартып кайрадан блокпосттор коюла баштайт. Бул тууралуу COVID-19ду жайылтпоо боюнча мекемелер аралык комиссия билдирди.

Маалыматка караганда, аймакта күнүнө 10дон ашык жаңы учур катталып жаткан калктуу конуштарга санитардык постторду коюу пландалууда.

Эки тараптуу жана транзиттик жүктөрдү ташыган айдоочулардан аймакка кирүүдө коронавирус жок экенин ырастаган ПЧР-тесттин жыйынтыктары талап кылынат. Буга чейин жумасына жети жолу уюштурулган «Петропавловск — Алматы» багыты боюнча темир жол каттамы үчкө чейин азайтылат. Ошондой эле 9-ноябрдан тартып театрлар, кинотеатрлар, диний жана маданий мекемелердин ишмердүүлүгү токтотулат.

Иш күндөрү коомдук тамактануу жайлары эртең мененки сегизден кечки тогузга чейин иштеп, залдагы кардарлардын саны 30дан ашпашы керек болот. Дем алыш күндөрү 21:00гө чейин тамак-ашты үйгө жеткирип берүү кызматын гана көрсөтүшөт. Соода борборлор менен азык-түлүк дүкөндөрү саат 10:00дөн 20:00го чейин иштейт. Дем алыш жана майрам күндөрү жабык болот. Жекшемби күндөрү сулуулук салондор, чач тарачтар, бессейндер, фитнес-клубдар жана машыгуу залдары иштебейт.

Компанияларга 80% кем эмес кызматкерлерин аралыктан иштөөгө өткөрүү буйругу берилди. 65 жаштан жогорку курактагы тургундарга зарылчылыксыз көчөгө чыкпоо сунушталды. Ошол маалда облус аймагында карантин режиминин сакталышына көзөмөл күчөтүлөрү кабарланды.

Акыркы маалыматтар боюнча Түндүк Казакстан облусунда коронавирус жуктургандар 4 570 кишиге жетти. Бийлик коронавирустун белгилери бар, бирок анализи таза чыккан бейтаптар тууралуу маалыматтарды жарыялабай келет.

Пикир

Оставить комментарий