• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Казакстанда акыркы суткада 13 миң 652 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 13 миң 652 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 2 852, Алматы шаарында – 2 491, Шымкент шаарында – 168, Акмоло облусунда – 907, Актөбе облусунда - 513, Алматы облусунда - 454, Атырау облусунда - 414, Чыгыш-Казакстан облусунда – 549, Жамбыл облусунда – 242, Батыш-Казакстан облусунда – 451, Караганда облусунда – 2 209, Костанай облусунда - 490, Кызылорда облусунда – 134, Мангистау облусунда – 128, Павлодар облусунда - 1 153, Түндүк-Казакстан облусунда – 407, Түркстан облусунда – 90 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 192 миң 211 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий