• 87
  • 90.41
  • 0.84

Казакстанда акыркы суткада 228 кишиден COVID-19 аныкталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 01.03.22. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 228 кишиден табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 14, Алматы шаарында – 94, Шымкент шаарында – 3, Акмоло облусунда – 7, Актөбе облусунда - 1, Алматы облусунда - 11, Атырау облусунда - 6, Чыгыш-Казакстан облусунда – 12, Жамбыл облусунда – 4, Батыш-Казакстан облусунда – 2, Караганда облусунда – 14, Костанай облусунда - 18, Кызылорда облусунда – 2, Мангистау облусунда – 0, Павлодар облусунда - 19, Түндүк-Казакстан облусунда – 21, Түркстан облусунда – 0 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 1 млн 302 миң 550 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий