• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажик өкмөтү алтын өндүрүү ишканасынын 5% акциясын 1 долларга сатып алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.02.18 /Кабар/. Кытайдын «Цзиньфен» өнөр жай компаниясы «Зарафшон» биргелешкен ишканасындагы 5% акциясын Тажикстан өкмөтүнө символикалуу түрдө 1 долларга сатты.

Мамлекет башчы Эмомали Рахмон кыйталык компания менен ишкананын уставдык капиталындагы акциялардын 5% Тажикстанга өткөрүү боюнча келишимге кол коюуну Мамлекеттик мүлк комитетинин жетекчилигине 5-февралда тапшырган.

Тажик өкмөтүндөгү өз булактар кабарлашкандай, келишимге кол коюлгандан кийин Тажикстандын алтын өндүрүү компаниясынын уставдык капиталындагы үлүшү 7,3 миллион долларды (30%), ал эми кыйтайлык Zi jin Mining компаниясыныкы 17 миллион долларды (70%) түзүп калды.

«Зарафшон» биргелешкен ишканасы Тажик алтын кен комбинатынын базасында 1994-жылы түзүлгөн. Ишкананын акцияларынын контролдук пакети алгач британиялык «Commonwealth & British Mineral Ltd» компаниясына таандык болгон. 2007-жылы аны кытайлык алтын өндүрүү компаниясы сатып алган.

Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технолониялар министрлигинин маалыматы боюнча, 2016-жылы анда 5 тоннага жакын алтын өндүрүлгөн.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий