Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Казакстандын Караганда облусунда автоунаасы бузулуп суукта калган 8 кыргыз жараны куткарылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети кабарлады.
1-декабрда "Газель" кичи автобус бузулуп, жүргүнчүлөрү менен суукта жолдо калган.
Өзгөчө кырдаалдар комитетинин куткаруучулары суукта калган адамдарды Сарышаган айылындагы эс алуу үйүнө жеткиришкен.
Пикир
Оставить комментарий