Бишкек, 02.02.18. /Кабар/. Казакстандын чек арачылары дээрлик эки килограмм баңги заты менен Кыргызстандын жаранын кармашты,-деп билдирет улуттук чек ара кызматы комитетинин басма сөз кызматы.
“Чек ара кызматкерлери тарабынан “Бишкек-Москва” маалыматтык поезд аркылуу дээрлик эки килограмм баңги затын алып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын 55 жаштагы жараны кармалды,-деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө маалымат жеткирилди,-деп жазат РИА Новости.
Пикир
Оставить комментарий