• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кичи шаарларда чакан ишкердик жанданып, жумуш орундар түзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.10.22. /Кабар/. Кыргызстандын кичи шаарларында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контрактын негизинде республикалык бюджеттен социалдык жардамдар көрсөтүлүп башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында эмгек министринин орун басары Жылдыз Полотова аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө 100 миң сомдук сертификаттарды тапшырды.

Сертификат алган үй-бүлөлөр ишкердик баштап, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн катарынан чыгууга аракет көрөт.

"Социалдык контракттын негизинде көрсөтүлгөн социалдык жардам президенттин демилгеси менен министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Анын алкагында республика боюнча 2800 үй-бүлөгө 292 млн сом бөлүндү. Ал эми кичи шаарларда мындай долборлор аркылуу чакан ишкердикти жандантып, жумуш орундарды түзүү абдан маанилүү. Бул дагы кичи шаарлардын жана өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт", - деди өз сөзүндө Жылдыз Полотова.

Пикир

Оставить комментарий