Бишкек, 10.01.25. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Казакстанда бензиндин баасынын арзан болушунун негизги себеби мамлекет тарабынан субсидияланат. Бул тууралуу “Кабар маалымат агенттигине Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов билдирди.
Анын айтымында, Казакстан жарандарына өздөрүндө иштелип чыккан күйүүчү майды өз наркынан арзан баада сатат.
“Алар нефтини аябай чоң көлөмдө өндүрүшкөндүктөн, заводдордун чыгымын түшкөн каражаттын эсебинен толугу менен жаап коюшат. Мисалы, Казакстанда жылына 100 млн тоннага чейин нефти өндүрүлөт. Ошондуктан Казакстандын жарандарына бензин өз наркынан арзан баада сатылат. Аларда мыйзам чегинде күйүүчү майды башка мамлекеттерге сатууга тыюу салынган”,- деди Канатбек Эшатов.
Учурда Кыргызстан дээрлик чоң көлөмдө күйүүчү майды Россиядан гана сатып аларын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору өз сөзүндө белгиледи.
“Алардан сураганда, силердин жарандарыңарга эмне үчүн субсидия кылабыз деп айтышат. Бул субсидиялоо өзүбүздүн жарандарга каралган, силерге базар баасында сатабыз дешип, бааны Россиянын баасына теңеп коюшат. Ошондуктан аларда бизге караганда күйүүчү майдын баасы арзан, социалдык багытта өздөрүнүн жарандарын колдоо үчүн ушундай кадамдарды жасашат”, - деди ал.
Пикир
Оставить комментарий