• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Казакстанда бир суткада 2893 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 2 миң 893 адамдан табылды. Бул тууралуу coronavirus2020.kz. сайтына шилтеме менен “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында - 574, Алматы шаарында - 695, Шымкент шаарында - 112, Акмоло облусунда - 97, Актөбе облусунда - 117, Алматы облусунда - 240, Атырау облусунда - 140, Чыгыш-Казакстан облусунда - 93, Жамбыл облусунда - 69, Батыш-Казакстан облусунда - 185, Караганда облусунда - 225, Костанай облусунда - 33, Кызылорда облусунда - 72, Мангистау облусунда - 108, Павлодар облусунда - 55, Түндүк-Казакстан облусунда - 27, Түркестан облусунда – 51 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 297 миң 839 адам коронавирус жуктурган.

Пикир

Оставить комментарий