Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.04.20 /Кабар/. 2-апрель саат 08:20га карата Казакстанда коронавирус жуктурган 16 жаңы учур аныкталып, коронавирус жуктургандардын саны 402ге жетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz интернет басылмасы жазат.

16 жаңы учурдун жетөө Нур-Султанда, экөө Атырау облусунда, алтоо Караганды облусунда жана бирөө Түндүк Казакстан облусунда аныкталган.

Коронавирус жуктургандар аймактар боюнча:

- Нур-Султанда – 191,

- Алматыда – 90,

- Кызылорда облусунда – 25,

- Караганды облусунда – 21,

- Акмола облусунда – 19,

- Атырау облусунда – 18,

- Алматы облусунда – 9,

- Түндүк Казакстан облусунда – 6,

- Түркстан облусунда – 5,

- Жамбыл облусунда – 5,

- Актөбе облусунда – 4,

- Шымкентте – 3,

- Чыгыш Казакстан облусунда – 2,

- Түндүк Казакстан облусунда – 2,

- Павлодар жана Мангыстау облусунда – бирден.

Пикир

Оставить комментарий