• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте жасалма өткөрмө кагазы менен унаа башкарган айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Бишкекте жасалма өткөрмө кагазы менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу шаардык комендатуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, Бишкектин аймагында киргизилген өзгөчө абал учурунда шаар аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери түнү-күнү посттордо көзөмөл жүргүзүүдө. Аны менен бирге, мобилдик жана жөө топтор түзүлүп, калк арасында илдеттин алдын алуу жана болтурбоо, санитардык нормаларды сактоо, карантиндик абалды текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кечээ, 1-апрель күнү Бишкек шаарынын Айни жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинен Land Rover автоунаасын башкарган 32 жаштагы Д.Н., аттуу жаран текшерүү үчүн токтотулган учурда маңдайкы терезесинде көк түстөгү Бишкек шаарында кыймылда жүрүүгө мүнкүнчүлүк берген уруксат кагазы болгон. Кылдат текшерүүгө алууда өткөрмө кагазы жасалма болгондугу аныкталган. Окуя катталган аймакка Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-тергөө тобу чыгып, унаа айып короого токтотулган.

Бардык чогултулган иш кагаздары тергөө кызматына өткөрүлгөн. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 359-беренесине ылайык (документтердин жасалмасы) кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий