• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

“Түндүкэлектр” ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.04.23. /Кабар/. “Түндүкэлектр” ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Түндүкэлектр” ишканасынын кызмат адамдары 107 даана күч трасформаторун сатып алууда билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке өзгөчө ири 3 млн 949 миң 500 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында “Түндүкэлектр” ААКнын мурдагы башкы директору К.А.Т. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 339-беренесинин (“Билип туруп пайдасыз контракт түзүү”) негизинде кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган жаран жогоруда белгиленген беренелердин негизинде айыпкер катарында жоопко тартылып, анын бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Биринчи май райондук сотуна тийиштүү өтүнүчтөр келтирилип, учурда кароо стадиясында турат.

Бүгүнкү күндө аталган кылмыш ишине тиешеси бар мындан башка да кызмат адамдарын аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чаралар көрүлүүдө.

ЖМКлардын маалыматына таянсак, “Түндүкэлектр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Азамат Кожомкулов.

Пикир

Оставить комментарий