• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР жана Сербия ТИМ башчылары 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасына кол койду

Саясат 0

Бишкек, 06.04.23./Кабар/. Кыргызстандын жана Сербиянын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Ивица Дачич сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тышкы саясий ведомстволордун 2023-2025-жылдарга кызматташуу программасына кол койду.

Ошондой эле тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Сербия ТИМдеринин Дипломатиялык академияларынын ортосундагы кызматташуу боюнча меморандумга да кол коюшту.

Эскерте кетсек, Сербиянын биринчи вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Ивица Дачич күн мурун, 5-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Сербиянын ТИМ башчысынын Кыргызстанга болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-серб кызматташтыгынын абалын жана келечегин талкуулоо үчүн өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрүүсү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий