• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалышты

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Ысык-Ата районунда жылкы уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы 10-декабрда Ысык-Ата РИИБүнө 1995-жылы туулган С.К. арыз менен кайрылып, Ак-Сай айылындагы жайлоодон белгисиз адамдар бир баш жылкысын уурдап кеткенин билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Жазык кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш
иштери башталган.

Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган Ж.А. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуулар кармалышып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий