Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 42ге жетти

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирустан дагы 6 адам айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

"Нур-Султан шаарында 6 адам коронавирустан айыкты", - деп билдирет Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги.

Учурда Казакстанда коронавирустан айыккандардын саны 42ге жетти. Коронавирусту жалпы 569 киши жуктуруп алган. 6 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий