• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Казакстандын президенти өкмөттүн отставкасын кабыл алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.01.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өкмөтү тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу "Казинформ" эл аралык маалымат агенттиги Акорданын басма сөз кызматына таянып билдирди.

2022-жылы 5-январда Казакстан Республикасынын өкмөтү тууралуу

Казакстан Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн отставкасын кабыл алынсын.

2. Казакстан Республикасынын премьер-министринин милдеттери Смаилов Алихан Асхановичке убактылуу жүктөлсүн.

3. Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн мүчөлөрү өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарууну улантышсын.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаев Нур-Султан, Акорда, 2022-жылдын 5-январы № 728

Пикир

Оставить комментарий