• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Казакстанда коронавирусту эки адам жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алар Германиядан учуп келишкен

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. Казакстанда коронавирусту эки адам жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алар Германиядан учуп келишкен, - деп жазат казак ЖМКлары.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов билдиргендей, эки киши тең коронавируска анализ тапшырган. Жыйынтыгында алар илдетти жуктуруп алгандыгы аныкталды. Маалым болгондой, алар менен чогуу бир учакта учуп келгендердин баардыгы карантинге алынган.

“Биз коронавирустун жайылышына каршы үч айдан бери алдын алуу иштерин жүргүзүп келдик. Бүгүн Германиядан келген эки жараныбызда коронавирус табылып, анализдери оң болуп чыкты”, - дейт Биртанов.

Биринчи бейтап 9-мартта, экинчиси – 12-мартта Алматыга учуп келишкен.

“Биз алардын аты-жөнүн айта албайбыз. Бирөө эркек, бирөө аял”, - дейт министр.

Санитардык дарыгердин маалыматына ылайык, бейтаптардын саламаттыгы жакшы, баардык тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Алар менен чогу келген баардык жүргүнчүлөр аныкталып, карантинге алынат.

Пикир

Оставить комментарий