• 87
  • 90.59
  • 0.87

Казакстанда кулаган учакта Кыргызстандын үч жараны болгон

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Казакстандын Актау шаарында Азербайжан аба жолдоруна таандык учак кулап түшкөнүн «Казинформ» маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, J2-8243 номерлүү Баку-Грозный каттамын аткарып бара жаткан Embraer 190 үлгүсүндөгү учак Актау шаарынан 3 чакырым алыстыкта ​​авариялык конууга мажбур болгон.

Учакта Азербайжандын 37, Казакстандын 6, Кыргызстандын 3 жана Россиянын16 жараны болгон.

Учактын бортунда жалпы 67 адам, анын ичинде 5 экипаж мүчөсү болгон.

«Жабырлануучулар боюнча маалымат такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, 25 адам аман калып, анын 22си ооруканага жеткирилген», — деп айтылат маалыматта.

Учак кырсыгынан жабыркагандар ооруканаларга жеткирилгени айтылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмелери жаңыланууда.

Пикир

Оставить комментарий